КАЙГУУЛ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЕСИПТЕШИН АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫШТЫ

323

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын короосунда өздүк курамдын алдында салтанаттуу түрдө башкармалыктын, кенже инспектору, милициянын прапоршиги Калматов Абдимахамат Абдиламатович ардактуу эс алууга узады.

Милициянын прапорщиги Калматов Абдимахамат Абдиламатович ички иштер органдарында 2000-жылдан тартып үзүрлүү эмгектенип келет. Алгачкы эмгек жолун 2000-жылдан 2004-жылдыры Бишкек ШИИББнын Кайгуул күзөт кызматында, 2004-жылдан 2019-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында, 2019-жылдан тартып, Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыганын полкунда татыктуу кызмат өтөп келген.

Ички иштер органдарында татыктуу көп жылдык эмгеги жана тайманбас кызматы үчүн ИИМдин “Азамат” жана “ИИМдин мыкты кызматкери” медалдары менен сыйланган.

Бишкек ШИИББгы боюнча МККБнын полкунун командири милициянын полковниги Жумаев Канатбек Касымалиевич ардактуу эс алууга кетип жаткан Калматов Абдимахамат Абдиламатовичти куттуктоо менен бирге “Сиз кызмат өтөп келген жылдардан бери зор тажрыйба топтоп жана кызматтык милдетиңизге ак ниет жана ак дилиңиз менен мамиле кылыпган адам катары көрсөтө алдыңыз. Жарандардын эркиндигин жана укуктарын коргоо, аларды кылмыштуулуктан жана укук бузуулардан коргоодо, коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча милдеттер ийгиликтүү чечип келдиңиз. Көп жылдык кызматыңыз үчүн, милдетке берилгендик үчүн — сизге терең ыраазычылык! Сизге жана сиздин үй бүлөөгө чың ден соолук жана бейпилдик каалайм.” –деди.

 

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.