Окуучулардан COVID-19 чыкты, министрлик жоопкерчиликтен качты

4558

 

Биздин редакцияга Бишкек шаарындагы ✓5 лицейде балдары окуган айрым ата-энелердин атынан арыз келип түштү. Анда мектепте медициналык талаптар сакталбай жатканы, керек болсо мугалимдер өздөрү да беткап тагынбай жүргөнү айтылат.
«Окуучулар мектептин ичине киргенде беткап тагынбайт. Мугалимдер санитардык эрежелерди сактабайт. Бишкекте мектеп окуучуларынын арасынан COVID-19 чыкты, биз балдарыбыздын ден-соолугуна кабатырбыз», — деп айтылат кайрылууда.
Мугалимдер ата-энелерден: «Баламды өз каалоом менен мектепке жиберип жатам, бир нерсе болсо жоопкерчиликти өз мойнума алам», — деп тилкат жаздырып алышкан. Муну менен окуучулар мектепте жүрүп, COVID-19га чалдыкса мугалимдер жана Билим берүү министрлиги жоопкерчиликтен кутулат.
Эгерде, мектептер офлайн окууга даяр эмес болсо, анда шашылбай коё турган жакшы болчу. Бишкектин бардык эле мектептеринде санитардык эрежелер сакталбай жатат.