Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду

404

 

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Финансы полициясынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, ага «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ал мамлекеттик кызматта турганда көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

«Ал өзү сатып алгандарын жакын туугандарына каттап, декларациясында көрсөткөн эмес. Кылмыш ишинин алкагында ал суракка чакырылат», — деп айтылат маалыматта.