Аялдардын коомдогу орду тууралуу семинар өттү

74

 

Бүгүн, 26-ноябрда «Сеннамед» клиникасында «Үмүтүңдү үзбө» аттуу семинар болуп өттү. Ага жетимишке жакын аялдар катышты. Бул тууралуу аталган клиникадан билдиришти.

Маалыматка таянсак, семинарда айымдардын коомдогу азыркы орду, өзүн өнүктүрүүсү боюнча адистер айтып беришти.

«Аялдардын коомдогу азыркы орду, үй-бүлөнү бекемдөө, өзүн алып жүрүүсү жана руханий жактан өнүктүрүүсү боюнча адистердин кеңеши айтылды. Келген коноктор бүгүнкү иш-чарада өздөрүнө пайдалуу көп кеңештерди алганын айтышты», — деп айтылат маалыматта.