Прокуратура жазалоочу эмес, мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуучу орган

112
Генпрокуратура
Генпрокуратура

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, бир кылымга жакын өз алдынча тарыхы бар кыргыз прокуратурасында көптөгөн өзгөрүүлөр болгондугун билдирди.
Ал мыйзамдуулукту чыңдоо, ага кызмат кылуу-баардык доордо өлкөнүн башкы көзөмөл органынын негизги милдети болуп сакталып, кыргыз прокуратурасы өлкөдөгү мыйзамдуулукту, укук тартибин коргоп келе жаткандыгына токтолду.
Өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдөгү прокуратура органдарынын маанилүү салымын жана көп жылдык тажрыйбаларын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткан укуктук реформада башка мамлекеттик органдардын катарында биз дагы ар тараптуу өнүгүүгө жетүүбүз керек деп баса белгиледи.
-Чындыгында, акыркы убактарда прокуратура системасы ар кандай эксперименттерге салына берип, өзүнүн негизги багыттары алсыз абалга келди. Коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын кайрылууларын толук чече албай жатканыбыздын дагы бирден бир себеби ушул.
Өлкөбүздөгү тартиптин жана мыйзамдын сакталышынын деңгээлин көтөрүү үчүн, бүгүнкү прокуратуранын иштөө принцибин өзгөртүп, ыйгарым укуктарын толуктап, тергөө жүргүзүү функциясын кайтарып, өздүк курамдын кесипкөйлүгүн жана калктын бизге болгон ишенимин жогорулатуу зарыл. Прокуратура системасы жазалоочу орган эмес, тескерисинче мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуучу орган экенин унутпайлы — деди башкы прокурор.

Мыйзамдын үстөмдүгүн күчөтүү зарыл

Учурдагы абал, пайда болгон көйгөйлөр, айрыкча бийликтин жогорку тепкичтериндеги коррупция, ошондой эле тоо-кен тармагына жасалып жаткан мамиле, эзелтеден бизге мураска калып келген жаратылыш баалуулуктарына болгон кыянаттыкка мыйзам чегинде чара көрүлбөй, коомчулукта кызуу талкууланып, элдин нааразычылыгын пайда кылууда. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктап жатып билдирди.
-«Кандай гана жагдай болбосун, прокуратура органдары мамлекеттин кызыкчылыгын жактап, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө алдына коюлган оор тапшырмаларды аткарууну күчөтүүсү зарыл»-деди Башкы прокурор.

 

 

Прокуратура жөнүндөгү жаңы мыйзам алдыдагы ийгиликтердин башаты
Үстүбүздөгү жыл прокуратура органдары үчүн ар тараптуу окуяларга жана өзгөрүүлөргө бай жыл болду. Мындай пикирин Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктап жатып билдирди.
-Аларга негиз катары – Башкы прокуратурада ишкерлердин укугун коргоо боюнча жаңы бөлүмдүн ачылышын, прокуратура органдарында электрондук документ жүгүртүүнүн толугу менен ишке киргизилишин жана Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөгү жаңыланган мыйзамдын кабыл алынганын айтсак болот-деди Башкы прокурор.
Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын жетекчиси прокуратура жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуудагы түйшүктүү ишке Жогорку Кеңештин депутаты катары, жеке өзү күбө болгондугун баса белгиледи.
-Кабыл алынган жаңы мыйзам – прокуратура кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга, кызматтык мамилелердин так жүргүзүлүшүнө, ички тартипти сактоого, мыйзамдуулукту толук кандуу көзөмөлдөөгө чоң өбөлгө түзөт жана алдыдагы ийгиликтердин башаты болот деп ишенем-деди Курманкул Зулушев
Башкы прокурор бул өткөөл мезгилде прокуратура кызматкерлери бардык күчүбүздү жумшап, көздөгөн максаттарга жетүү үчүн өзүбүздүн таза жана адилет ишибизди көрсөтүп, адам укугунун корголушуна, жерибиздеги тынчтыкты сактап, экономиканын жана мамлекеттин мындан ары өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошобуз деген үмүттөмүн деп кошумчалады.