Бактыбек Сыдыков «Манас» эл аралык аэропортунун директору болуп дайындалды

413

«Манас» эл аралык аэропортунун директору болуп Бактыбек Сыдыков дайындалды. Бул тууралуу биздин редакцияга өздүк булактар билдирди.

Бактыбек Сыдыков 6-чакырылышта Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат болгон. Ал эми  7-чакырылышка «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон болчу.