БРИТАНИЯДА КОРОНАВИРУСТУН ЖАЙЫЛЫШЫ БАСАҢДООДО

63

Лондондогу Империал колледжинин жаңы изилдөөсүнө ылайык, Улуу Британияда Covid-19дун жайылышы басаңдоодо. Окумуштуулардын айтымында, бир адам вирусту канча адамга жуктуруусу мүмкүндүгүн аныктоочу R индекси төмөндөгөн. Буга жакында эле өкмөт тарабынан киргизилген эрежелер жардам берген.

 

Англия жана Улуу Британияда кафе, ресторандар саат 22:00гө чейин гана иштейт. Дүкөн, ресторан жана кафеде иштегендер беткап тагынуусу керек. Алтыдан ашык адамдын чогулуусуна тыюу салынат.

 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Прогресс-Араван коомдук фондунун жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.