ИСПАНИЯДА КАЙРАДАН КАРАНТИН КИРГИЗИЛДИ

65

 

Испанияда Covid-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйүүдө. Акыркы эки жуманын ичинде 113 миңден ашык адамга вирус жуккан. Бул көрүнүштөрдүн үчтөн бир бөлүгү борбордо аныкталып жатат. Испания өкмөтү жарыялаган жаңы чараларга ылайык, Мадриддин жана ага коңшулаш шаарлардын жашоочулары бир шаардан экинчи шаарга негизсиз баруусуна тыюу салынды. Жумушка, мектепке, ооруканага жана кароого муктаж болгон туугандарына барууга уруксат берилет. Алты же андан көп адамдын чогулуусуна тыюу салынат.

 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Прогресс-Араван коомдук фондунун жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.