Милицияга рахмат. Турусбеков көчөсүнөн жоголгон кыз Исанов көчөсүнөн табылды

185

 

2020-жылдын 16-октябрда болжол менен саат 21:15 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Турусбеков көчөсүнөн өспүрүм кыз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайыны жок деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1988- жылы туулган М.М аттуу аял, болжол менен саат 21:10 чамасында 2009- жылы туулган С. А аттуу кызын издеп жүргөнүн айтып, милициянын кайгуул кызматкерлеринен кызын таап берүүсүн өтүнгөн.

Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери Жолоочу уулу Э. жана Темиркулов Э. ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракетин жүргүзүп, көп узабай Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен кызды таап, ата-энесине сак саламат өткөрүп беришти.

Өз кезегинде кыздын апасы Милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.