Айсулуу Мамашева «Ата Мекен» фракциясынын жетекчилигинен кетти

447

Мамашева Айсулуу Турусбековна «Ата Мекен” фракциясынын лидерлиги кызматынан өз ыктыяры менен баш тартты.
Ал мындай чечимди партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайра кайтарып алып, парламентке келгендигине байланыштуу кабыл алды.

Текебаев Өмүрбек Чиркешович 15-октябрдан тарта “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери катары ишмердигин уланта баштады.

Белгилей кетсем, Айсулуу Мамашева фракциянын лидерлигине 2019-жылдын 27-декабрында шайланган.