Жогорку Кеңеш Бишкектеги өзгөчө абалды алып салды

99

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин кезексиз сессиясы өтүп жатат.

Сессияга 76 депутат катышууда.

Эл өкүлдөрү Бишкек шаарындагы өзгөчө абалды алып салуу маселесин карап, аны алып салууну чечишти.

Борбор калаадагы өзгөчө кырдаал 5 жана 6-октябрда Бишкекте болгон тополоңдон кийин киргизилген.