Акыркы суткада коронавирустан төрт адам каза болду

68

Кыргызстанда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан дагы төрт адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалымдалгандай, Ош жана Баткен аймактарында экиден өлүм катталды.

Бардык мезгилде коронавирус жана пневмониядан 1 миң 103 адам каза болгон.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги оорулардын эл аралык классификациясында лаборатория тарабынан тастыкталган коронавируска ДСУ тарабынан U07.1 ,ал эми пневмония үчүн U07.2 коду берилгенден кийин статистика бириктирилген.