Кыргызстанда пневмониянын 431 учуру аныкталды

68

Кыргызстанда жаңы 431 пневмония жана COVID-19 учурлары аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 70, Ошто 44, Чүйдө 34, Ошто 147, Ысык-Көлдө 15, Жалал-Абадда 65, Баткенде 52, Таласта 4 учур катталган.

Март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 ооруларынын 51,20 учуру катталды.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги оорулардын эл аралык классификациясында лаборатория тарабынан тастыкталган коронавируска ДСУ тарабынан U07.1 ,ал эми пневмония үчүн U07.2 коду берилгенден кийин статистика бириктирилген.