Өмүрбек Текебаевге мандаты кайтарылды

263

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандаты кайтарылып берилди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Садык Шер Нияз өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырды. Бош орунга Өмүрбек Текебаев келди.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев 2017-жылы бир нече оор беренелер менен айыпталып, камакка алынган. Андан соң анын мандаты Искендер Гаипкуловго берилген болчу. Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Өмүрбек Ишин кайра кароого жиберген. Мыйзам боюнча азыр ал соттолгон эмес болуп эсептелет.