Баткен: милиция карылардан кабар алды

158

Баткен облусундагы милиция кызматкерлери облус аймагындагы карыялардан кабар алышты. Облус аймагында жашаган кары-картаңдардан, милициянын ардагерлеринен үйүнө барып колдон келген жардамдарын берип келишти.

Ар бир район-шаардагы ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери бул иш-чарага кылдаттык менен көңүл буруп, үйүнө барган карыялардын жүрөк жылыткан жылмаюсуна күбө болуп, алардын батасын алышты.

Акылман аксакалдар, кадырлуу карыялар! Сиздердин ар бириңиздердин басып өткөн чоң тарыхыңыздар бар. Кары адам төрдүн көркү дегендей ар дайым төрүбүздө бар болүп жүрө бериңиздер! Сиздерге узак өмүр, бакубат ден соолук каалайбыз.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы