12 дарыгер коронавирусту жуктуруп алды

122

Кыргызстанда 12 медициналык кызматкер COVID-19 оорусун жуктуруп алышкан. Бул тууралуу бүгүн республикалык штабдан билдиришти.

Маалымдалгандай, Ош шаарында бир, Ош облусунда, Жалал-Абад облусунда жети, Баткен облусунда эки, Ысык-Көл облусунда бир дарыгер коронавирусту жуктурган.

COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 3 миң 449, алардын 3 миң 96у айыккан.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги оорулардын эл аралык классификациясында лаборатория тарабынан тастыкталган коронавируска ДСУ тарабынан U07.1 , ал эми пневмония үчүн U07.2 коду берилгенден кийин статистика бириктирилген.