Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза болду

57

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан эки адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунда жана Бишкек шаарында бирден өлүм катталды.

Жалпысынан, коронавирус жана пневмониядан 1 миң 92 адам каза болду.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги оорулардын эл аралык классификациясында лаборатория тарабынан тастыкталган коронавируска ДСУ тарабынан U07.1 , ал эми пневмония үчүн U07.2 коду берилгенден кийин статистика бириктирилген.