Кыргызстанда пневмониянын 343 учуру аныкталды

48

Кыргызстанда жаңы 343 пневмония жана COVID-19 учурлары аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 81, Ошто 18, Чүйдө 21, Ошто 46, Ысык-Көлдө 17, Жалал-Абадда 77, Баткенде 83 учур катталган.

Март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 ооруларынын 49 миң 871 учуру катталды.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги оорулардын эл аралык классификациясында лаборатория тарабынан тастыкталган коронавируска ДСУ тарабынан U07.1 , ал эми пневмония үчүн U07.2 коду берилгенден кийин статистика бириктирилген.