Бишкек шаарында карантиндик режимдин бузулушунун 20дан ашык фактысы аныкталды

57

Бишкек шаарында бир күндө карантиндик режимди бузган 20дан ашык факт аныкталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, шаардык милиция кызматкерлери көңүл ачуучу жайлардын, интернет клубдардын, ресторандардын жана кафелердин арасында профилактикалык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турушкан.

Ондон ашык көңүл ачуучу жайларда жана коомдук тамактануу жайларында санитардык-гигиеналык шарттар жетишсиз, ал жерде эс алган адамдардын саны талап кылынган 50 адамдан ашкан.

Мыйзам бузуулар фактылары КЖБРда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280 «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» жана 127 «Чектөөчү чаралардын (карантин) талаптарын (эрежелерин) бузуу» беренелери боюнча катталган.