Депутат Эльвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды  

25

Депутат Эльвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, Бектур Калиев деген адам телефон чалып, өзүн Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү катары тааныштырган. Ал суракка келүүнү суранды. Бирок, Эльвира Сурабалдиева тергөө органдарынан расмий чакыруу алган эмес.

«Мени суракка кайсы иш боюнча чакырып жаткандыгын тактаган жокмун . Мен үгүт иштерине байланыштуу аймактарда жүргөнүмдү айттым. Бишкекке келип, юристтер менен кеңештим, алар мыйзам боюнча талапкерге үгүт иштери бүткөнгө чейин тергөө иш-чараларына барбоого мүмкүнчүлүк берилерин айтышты»,-деп айтылат маалыматта.

Алтынчы чакырылыштагы КСДП парламенттик фракциясынын мүчөсү Эльвира Сурабалдиева 2020-жылдагы шайлоодо «Ата Мекен» партиясына талапкерлигин койгон.

Шайлоо 4-октябрда өтөт. 16 партия парламенттик мандат үчүн күрөшүп жатат.