Кыргызстанда дагы эки дарыгерге коронавирус диагнозу коюлду

19

Кыргызстанда акыркы суткада медициналык кызматкерлердин коронавируска чалдыккан 2 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунан эки дарыгер ооруну жуктуруп алышкан.

Бардыгы болуп COVID-19 3199 дарыгердин каттоосунан өтүп, 2801 медициналык кызматкер айыккан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму лаборатория тарабынан ырасталган коронавирус кодун оорулардын эл аралык классификациясына U07.1 кодун, ал эми пневмония үчүн U07.2 кодун бергенден кийин статистикалык маалыматтарды бириктирди.