Кыргызстанда пневмониянын 81 учуру аныкталды

24

Кыргызстанда пневмония жана COVID-19 ооруларынын 81 учуру аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкек шаарында 10 адам, Ош шаарында 2, Чүйдө 5, Ошто 5, Таласта 8, Ысык-Көлдө 14, Талас шаарында 3, Жалал-Абадда 20, Баткенде 19 адам ооруп калышкан.

Жалпысынан, март айынан бери өлкөдө жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 45416 учуру катталды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму лаборатория тарабынан ырасталган коронавирус кодун оорулардын эл аралык классификациясына U07.1 кодун, ал эми пневмония үчүн U07.2 кодун бергенден кийин статистикалык маалыматтарды бириктирди.