Ильгиз Капаров: Өзгөрүү доору келди

59

“Биримдик” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ильгиз Капаров Өзгөн шаарында эл менен болгон жолугушууда сөз алып, шайлоочуларга “Мен бийликке мандат үчүн, же атак-даңк үчүн эмес, элимдин, мага окшогон ишкерлердин көйгөйүн чечип, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымымды кошуу максатында аттанып жатам. Менин балалыгым СССР кулап, Кыргызстандын кайра куруу мезгилине туура келди. Базар экономикасына багыт алган мамлекеттин олку-солку абалы биздин таттуу балалыгыбыздын бактылуу ирмемдерин уурдаган. Миңдеген Кыргызстандыктардай эле мен дагы тартыш турмуштун ачуу тузун таткам. Мен ошол турмуштун тузун өзүмдүн балама, сиздин балаңызга татытпаш үчүн саясатка аттанып жатам. Менин жакындарым сиздердикиндей бөлөк эл, бөтөн жерде мигрант болуп жүрүшөт. Мен ошолордун өз мекенине кайтып келип, бала-чакасынын кашында бактылуу жашоодо жашашын каалайм. Өзгөрүү доору келди. Ошол өзгөрүүнү бийлик эмес, депутаттар эмес, министрлер эмес эл жазашы керек. Сиздердин колуңуздарда чоң мүмкүнчүлүк турат. Ушул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, татыктуу талапкерди тандап жана андан талап кылууну колдон чыгарбаңыздар” – деп кайрылды.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.