Шайлоо 2020. Бишкекте кошумча шайлоо участоктору ачылбайт

40

Ош шаарында №2 форма боюнча шайлоочулар үчүн кошумча 10 шайлоо участкасы ачылды. Бишкек шаарында жаңы шайлоо участоктору ачылбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Жыл башында борбор калаада 32 участок түзүлүп, алар негизги тизмеге киргизилгени такталды.
Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык, бир участокто добуш берген шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. №2 формасын толтургандар кошумча участокторго добуш беришет.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун контролдук тизмесиндеги шайлоочулардын саны 3 миллион 465 миң адамды түзөт.
№2 форма менен кайрылган кыргызстандыктардын жалпы саны 264,270.
3 миң 847 шайлоочу өз маалыматтарын тактоону чечишти.
Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.