Анжелика Кайратовна​ «Республика»​ партиясын эмне үчүн тандады?

51

Кыргыз эстрадасынын эң активдүү ырчы айымдарынын бири Анжелика шайлоо алдында өзүнүн тандоосун жасап, үй-бүлөсү менен​ «Республика»​ партиясын колдоорун жар салды! Ырчы айым ​ бул партияны тандоосуна өзүнүн апасы Гүлина айым себепчи болгон. Буга чейин апасы партия түптөлгөндөн тарта мүчө болуп эң алдыңкы күйөрмандардын катарын толуктаган. Буга кошумча Анжеликага партиянын программасы жана буга чейинки эл үчүн кызмат кылган лидерлери болгондугу менен жаккан. Алдыда бул партия менен бирге иштешип, кыргыз эли үчүн дагы көптөгөн кызмат кылаарын билдирди.

«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, ​ анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жоюп ​ тышкы чалгындоо кызматын түзүү, ​ прокуратураны жоюп, аны Адилет ​ министрлигинин курамына ​ киргизүү ​ суроолору ​ турат.​ Партия жумуш орундарын түзүү ​ жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. «Республика»​ стратегиялык ​ маанидеги ​ ишканалардан тышкары, ​ бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН ​ 01708200710163.
«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.