Жергиликтүү бийликке калкты сасык тумоого каршы эмдөөнү уюштуруу иши тапшырылды

11

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана адистештирилген мамлекеттик органдарга калкты эмдөөнү өз деңгээлинде уюштуруу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын отурумунан кийин өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда адистер мезгилдүү сасык тумоого каршы эмдөө организмдин ар кандай ооруларга каршы иммунитетин жогорулатып, башка коштогон оорулардын пайда болушуна жол бербестигин белгилешти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө сасык тумоого каршы вакцина жеткириле баштады.

Эмдөө тобокелге кабылган жарандарга: өнөкөт оорулары бар, кош бойлуу аялдарга, балдар үйлөрүнүн жана карылар үйүнүн тарбиялануучуларына, интернаттардын тарбиялануучуларына, медициналык кызматкерлерге жана 65 жаштан жогору жарандарга ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү дарыгерлер менен биргеликте эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги алдын алуу иш-чараларын күчөтүшү керек ”, — деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Штабдын отурумунда вакцинаны аймактарга жеткирүү процесси жүрүп жаткандыгы, эмдөө өзү бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөрү айтылды.