Пикир келишпестиктен улам өз бир тууганын өлтүрүп алган

15

Пикир келишпестиктен улам өз бир тууганын өлтүрүп алган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Ушул жылдын 12-сентябрында Баткен РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кыштут айылынын тургуну өз үйүндө белгисиз себептен каза болгондугу боюнча маалымат түшөт.
Окуя болгон жерге Баткен РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну экендигин, ошондой эле маркум өз бир тууган инисинин урган жараатынан улам каза болгондугун аныкташкан. 63 жаштагы маркум Кыштут айылында 81 жаштагы өзүнүн апасы менен бир үйдө жашагандыктан, анын бир тууган 46жаштагы иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсын” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунтуп салган. Алган жараатынан улам 63жаштагы жаран ошол эле түнү окуя болгон жерде каза болуп калган.
Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми аныкталып кармалган 46жаштагы иниси убактылуу кармоо жайына киргизилди.