Космосбек Чолпонбаев кармалды

171

Шалаакылыгы жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн шектелип, мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынан кабарлашты.

ЭККМКда шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өзүлөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталды. Ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген. Ушул жылдын 15-сентябрында Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип, мурдагы Саламаттык сактоо министри мурунку министри Космосбек Чолпонбаев кармалды.