Чолпон-Ата шаарында 21 миллион сомго райондук оорукана оңдолду

36

Чолпон-Ата шаарында 70 орундуу райондук оорукананын ремонту аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, объектти оңдоо иштери июль айында башталган. Жумуштун баасы 21 миллион 400 миң сомду түздү. Подрядчик электр зымдарын, желдетүү жана канализация тутумдарын жаңыртып, жаңы сантехникалык шаймандарды, терезелерди жана эшиктерди орнотту.
Ошондой эле, имараттын чатыры алмаштырылып, тышкы жана ички бүтүрүү иштери жүргүзүлдү. Медициналык мекеменин аймагы жакшыртылды.