Билим берүү министрлиги 1,2 миң мектепти компьютер менен жабдууну убада кылды

7

Билим берүү жана илим министрлиги менен «Келечекке билим берүү» эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын биргелешкен долбоорунун алкагында Кыргызстандын 1,2 миң мектебине 25 миңден ашуун компьютер өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 1,2 миң мектепте атайын компьютердик класстар түзүлөт.
«Бул мектептерде алты мультимедиялык класстар (проектор, компьютер, UPS) ачылат, бул бардык негизги сабактарда электрондук материалдарды математикага жана илимий предметтерине өзгөчө басым жасоого мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда жана мугалимдердин билимин жогорулатуучу сегиз колледжде компьютердик класстар ачылат.
«Мындан тышкары, долбоор технологиялык окууга — санариптик мектептин контентин түзүүгө колдоо көрсөтөт. Башталгыч жана орто класстар үчүн, негизинен табигый илимдер (физика, химия, биология) сабактары үчүн электрондук форматтагы окуу китептери иштелип чыгып, кыргыз жана орус тилдерине которулуп жатат. Материалдардын 70 пайызы кыргыз тилинде болот », — деп кошумчалады министрлик.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча 2292 мектеп бар.